тёмная сторона свалки


        | Главная | | чё-нить |         светлая сторона
Буурул сакал, таягын аркасына каруулаган Бектурган аны алыстан көрдү да: – Ачарчылыктын тырмагына илинген биз сыяктуу шордуулар го – деп, жоруган бойдон олтуруп калды. Ким билсин, Бектурган бирдемелерди ойлоп олтурдубу, же арстандай жүрөгүн ачкачылык талыттыбы? Анысы бизге белгисиз. Бирок анын көк ала сакалынан мөлтүрөгөн тамчылар куланып жатты. Муздак сууга чаңыт кылып талкан чалып олтурган кичинекей кара бала, сүйкүмдүү атасынын аккан жашын көрө коюп, унчукпаган бойдон ыйлап жиберди. Чал чоочуп ойгонгон эмедей болду. Өмүрүнчө өзүнүн көзүнөн биринчи жаш чыкканына өзү да таң калды. Тытылган чапандын этеги менен жашын сүртүп: – Ыйлаба, кагылайын, мен тим эле...– деп, акырын гана дабышын чыгарды. Атасынын мындай алсыз жана акырын сүйлөгөнүн баласы биринчи укту, анын төгүлгөн жашын күтпөгөн жерден көрдү. Анын жаш көңүлүнө белгисиз коркунучтан башка эчтеме сезилген жок. – Атаке апамды ойлодуңбу? Тигине, күн көтөрүлүп келе жатат. Бул жерден кетебиз, – деди бала. Бала мындай эстүү сөздү атасына биринчи айткан эле. Бектурган жаш баладан мындай сөздү күткөн эмес. Аны «эчтеме билбейт, жаш» деп ойлочу. Карынын жаңы эле сүрткөнжашы кайталангысы келди. Жер көмкөрүл-гөндөй болуп, көзү караңгылап, ордунан так тура калды да, шадылуу арык колу менен баланы өзүнө тартып, эки бетинен эки өптү. – Ооба, садага, ооба. Күн көтөрүлүп келе жатат. Эми кетебиз – деп, баланын сөзүн кайталады да, кайта жер таянып олтура калды. Анын оозунан чыккан сөзү, кандайдыр, ичинен муңун шилеп чыккандай болуп, көзүнүн жашы токтоло калды. Баланын кыялы кандай кызык! Көнөчөктөгү чаңытталган муздак сууну атасына бере кой- ду. – Атаке, апамды мага көрсөтпөй кайсы жерге көмдүңөр? Мен чоңойгондо күмбөз салдырат элем, – деди. Бектурган далайга чейин унчуккан жок. Анын жүрөгү каршы-терши тилинип, жараланып жатты... ...Адамдан коркпогон арстан жүрөктүү Бектурган!
e2-e2: Ленивый опрувер ничего не написал тут, очень стыдно ему такому
Жынландыкаргазан
2018-05-17 21:05:07
 

        | Главная | | чё-нить |         светлая сторона